Борбор Азия лидерлери кемеге түшүп, Каспий деңизинде сейилдеди

Түркмөнстанга иш сапары менен барган Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери кемеге түшүп, Каспий деңизинде сейилдешти.

Türkmenistan altyn asyr мамлекеттик сайтынын жазганына караганда, сейилдөөгө кесиптештерин өлкө башчы Гурбангулы Бердымухамедов чакырган.

Түркмөнстанга иш сапары менен барган Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери кемеге түшүп, Каспий деңизинде сейилдешти

Кемеде тартылган сүрөттөрдү Казакстан президентинин маалымат катчысы Берик Уали жарыялады.

Кадрлардан Касым-Жомарт Токаевден тышкары, Бердымухамедовдун өзүн жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду, Өзбекстан менен Тажикстан лидерлери Шавкат Мирзиёев жана Эмомали Рахмонду көрүүгө болот.

Сейилдөө учурунда өлкө башчылар буга чейинки келишимдердин ишке ашышы жана келечектеги кызматташтыктар тууралуу кеп кылышты.

"Андан соң президенттер көп тармактуу "Аваза" туристтик комплексине барышты. Жолду катар алар улуттук туристтик аймактагы бир топ кызыктуу объектилерди көрүштү", - деп айтылат билдирүүдө.

Пляждагы эс алуучулар менен сүрөткө түшкөн Жапаров менен Ташиевдин видеосу

Эске салсак, учурда президент Садыр Жапаров Түркмөнстанда Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышууда. Жолугушууда Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери соода-экономика, энергетика, транспорт-коммуникация чөйрөлөрүндөгү региондук кызматташтык маселелерин, ошондой эле коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө биргелешкен чараларды талкуулашат.

Анын жыйынтыгында Борбор Азия мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсү кабыл алынары пландалууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД