Кыргызстандык окуучу өспүрүмдөр арасындагы Балкан математикалык олимпиадасында коло медалды багындырды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-июлунан 4-июлуна чейин өспүрүмдөр арасында 25-Балкан математикалык олимпиадасы (JBMO 2021) болуп өттү. Ага 22 өлкөдөн 128 окуучу катышты. Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарындагы Е.Б. Якир атындагы № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейдин окуучусу Фёдор Корнияш коло медалды утуп алды. Аны олимпиадага математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган.
Олимпиаданын алдында команда даярдыктан өткөн. Команданын курамында төмөнкү окуучулар болгон:
1. Фёдор Корнияш, № 61 АФММЛ ОК
2. Абдумалик Турсунов, Келечек-MIT
3. Максим Залепо, № 61 АФММЛ ОК
4. Станкулов Илим, "United World" эл аралык мектеби
5. Нурсултан Эшперов, Газпром-Кыргызстан мектеби
6. Актан Койчуманов, Газпром-Кыргызстан мектеби