Акын Бердибек Жамгырчиев "Жаш толкун-2021" сынагында баш байге алды

Чыныбай Турсунбеков атындагы коомдук фонд менен Кыргыз улуттук жазуучулар союзу биргеликте уюштурган "Жаш толкун-2021" поэзия сынагында акын Бердибек Жамгырчиев баш байге алды. Бул тууралуу Жазуучулар союзунун басма сөз кызматы билдирди.

18 жаштан 35 жашка чейинки акындар арасында өткөрүлгөн "Жаш толкун" поэзия сынагынын алгачкы баскычында өлкөнүн бардык аймактарынан 300гө чукул калемгер ат салышып, кийинки баскычка 20 жаш акын тандалып алынды.

Экинчи баскычтагы сынак Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатында өттү. Анда атайын семинар-тренингдер, чеберчилик сабактар уюштурулду.

Үч күнгө созулган иш-чаранын жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен Бердибек Жамгырчиев баш байгеге ээ болуп, 100 миң сом жана атайын диплом менен сыйланды. Ошондой эле жаш акындар Мелис Маматжанов 1-орун (50 миң сом), Акбар Кубанычбеков 2-орун (30 миң сом), Максат Жангазиев 3-орун (20 миң сом) алды.

Андан тышкары Мырзайым Айтымбетовага калыстар тобунун диплому жана акчалай сыйлык, көрүүчүлөрдүн купулуна толгон жаш акындар Садырбек Турдубек уулуна, Жаннат Сабырбековага, Деңизбек Орозбай уулуна 10 миң сомдон берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД