Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу "Кыргыз көмүр" мамлекеттик мекемесине жаңы жетекчи дайындалды. Бул кызматты Марат Турдубаев аркалай турганын Tazabek басылмасына мекеменин басма сөз кызматы тастыктады.
Марат Турдубаев 2015-жылдын январында Балыкчы шаарынын мэри болуп шайланган. Ошол эле жылдын 8-июнунда кайра отставкага кеткен болчу.
Ал эми "Кыргыз көмүр" мамлекеттик мекемесинин мурунку жетекчиси Канатбек Ашырбаев Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 5-августтагы чечими менен октябрга чейин камакта калды.
Буга чейин УКМК "Кыргыз көмүрдүн" директору А.К.Ы. жана "Кара-Кеченин" филиалынын бухгалтери Д.Р.Э. 3-августта кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирген.
"Кыргыз көмүр" мамлекеттик компаниясынын жетекчиси Кара-Кече кенинен казылган көмүрдү сатууда жеке пайдасы үчүн коррупциялык схема түзүп алган. Башкача айтканда, казылып алынган көмүр кол алдындагы компаниялар аркылуу керектөөчүлөргө, анын ичинде Бишкек Жылуулук электр борборуна сатылып турган", - деп билдирген УКМК.
Канатбек Ашырбаев "Кыргыз көмүр" компаниясынын директору болуп 2018-жылы 20-июнда дайындалган.