Июнда Байден Путинге жолугаары күтүлүүдө

АКШ президенти Джо Байден менен Орусия президенти Владимир Путин июнь айында кездешүүсү мүмкүн. Бул маалыматты Америка басылмалары Ак үйдөгү ишенимдүү булактарына таянып жазып чыкты.

Тages-Аnzeiger басылмасы: "Жолугушуунун күнү жана орду так белгисиз. Бирок жакынкы эки жуманын ичинде Женевада болот. Себеби эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлеринин буга чейинки жолугушуусунда кездешүү июнь айында болушу мүмкүн экенин маалымдашкан", - деп жазды.

Ал эми NBC телеканалынын кабарчысы Жефф Беннет бул маалыматты Байдендин администрациясынан төрт булак тастыктаганын, жолугушуу үчүн Швейцариянын борбору Женева эң ыңгайлуу жер экенин "Твиттердеги" баракчасына жазды.

Ал эми түрк басылмалары АКШдагы кабарчыларынын билдирүүсүнө таянып, жолугуу 15-16-июнда Женева шаарында өтөрүн кабарлашты.

Май айынын башында Джо Байден июнь айынын ортосунда Путин менен биргеликте "Чоң-7" саммитинин алкагында НАТОнун жетекчилери менен кездешип, Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн жетекчилери менен сүйлөшүү жүргүзүүнү пландап жатканын билдирген.

Апрель айындагы телефондон сүйлөшүүсүндө Байден Путинге июнь айынын ортосунда эки тарапка орток, үчүнчү өлкөдө жолугушуп, Вашингтон-Москва мамилелерин такташып алууну сунуштаган.

Эки президенттин жолугушуусу боюнча Кремль азырынча расмий билдирүү жасай элек. Орусия Тышкы иштер министри Сергей Лавров "Интерфакс" агенттигине: "Бул имиш болуп калышы да мүмкүн. Мен имиштерге комментарий бербейм", - деген жообун узаткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД