"Кыргыз жараны" концепциясын ишке ашыруу планы талкууланды

Бишкекте бүгүн 6-августта "Кыргыз жараны" концепциясын ишке ашыруу планын бекитүү боюнча мекеме аралык топтун жыйыны өттү. Жыйында 2021-2026-жылдарга эсептелген бул концепция кыргыз жараны болгон ар бир адам үй-бүлө, коом жана мамлекет калыптандыра турган билим берүүнүн, маданияттын, тарбиянын жана өнүгүүнүн бир бөлүгү катары сезе алгыдай болушу зарыл экени айтылды.

Аталган документ 2013-2017-жылдардагы "Элдин биримдигин жана улут аралык мамилелерди бекемдөө" концепциясынын уландысы экени белгиленди.

Улут аралык мамиле боюнча мамлекеттик саясатты жакшыртууга багытталган "Кыргыз жараны" концепциясынын максаттарын жана багыттарын элге жеткирүү иш-чаралары буга чейин бардык аймактарда өткөн.

Концепцияны бекиткенин президент Садыр Жапаров 2020-жылдын ноябрь айында Бишкекте "Бирдиктүү улут – өнүккөн өлкө" форумунда сүйлөп жатып айткан. Документти ал "кыргыз жараны деп өзүн таануу концепциясы" деп мүнөздөгөн жана 2010-жылдын июнундагы каргашалуу окуя этникалык чөйрөдөгү мамлекеттик саясатта коркунучтар бар экенин көрсөткөнүн билдирген.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 100дөн ашуун этнос жашайт, анын ичинен кыргыздар 73% түзөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД