Ош-Баткен-Исфана жолу ачылды

Ош-Баткен-Исфана жолун тосуп турган жарандар менен КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугуп, тосулган жол ачылды.Унаа каттамы өз нугунда жүрүп баштады. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү элдин, убактылуу кармоочу жайда кармалып турган жарандарды бошотуу талабы боюнча, териштирүү иштери жүрүп жаткандыгы,маселе мыйзам чегинде каралаары айтылды.

Белгилей кетсек 2021-жылдын 3-август күнү, Лейлек районунун Катраң айыл аймагына караштуу Өзгөрүш айылында, жергиликтүү тургундар, Алмалуу тоосундагы "Апрельское АZI" алтын кенин иштетүүчү ишкананын ишмердүүлүгүнө нааразычылыктарын билдиришип, аталган ишкананын техникаларын талкалап,кызматкерлерин ур токмокко алышкан.Мындан улам укук коргоо органдары тарабынан баш аламандыкты уюштурууга катышкан жарандар, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД