Жактоочу: Орхан Инандынын колуна операция жасалды

"Сапат" билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инанды Түркияда түрмөнүн ооруканасында колунан операция болду. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна анын адвокаты Халил Ибрагим Йылмаз билдирди.

Анын айтымында, Инандынын колун аны уурдоо учурунда сындырышкан. Операциядан кийин колу калыбына келип жатат.

Эскерте кетсек, Орхан Инандыны 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар уурдап кеткен. Ал бир айдан ашык убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган алардын чалгын кызматы Орхан Инандыны кармап, Түркияга алып келгенин билдирген. Ага байланыштуу 6-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын элчиси Ахмет Доганга каршылык нотасын тапшырган. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Түркиядан Орхан Инандыны кайтарып беришин талап кыларын айткан.

Инандынын айтымында, аны үч кыргызстандык уурдап, Түркияга чыгарып кетүүгө жардам берген.

Ал Түркияда "куралдуу террордук уюмду башкарууга" айыпталууда. Адвокаттын айтымында, учурда Инандыга козголгон кылмыш иши менен таанышуу жүрүп жатат. Прокуратура аны 22 жылга чейин эркинен ажыратууну сураган. Алгачкы сот отуруму 16-cентябрга белгиленген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД