Балбан Акматалиев Олимпиададагы оюндарын жыйынтыктады

Эркин күрөш боюнча 65 килограмм салмакта күрөшкөн индиялык балбан Бажранг Пуния Олимпиада-2020 мелдешинин жарым финалында жеңилип калды. Финалга чыгуучу таймашта ал азербайжандык Гаджи Алиев менен кармашты. Эки бөлүктөгү таймаштын жыйынтыгы менен азербайжандык атлет 12:5 эсебинде жеңишти илип кетти.

Муну менен кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиевдин медаль үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгү жокко чыкты.

65 килограмм салмакта ат салышкан кыргызстандык спортчу 8/1 финалда индиялык балбан менен таймашып, утулуп калган. Эсеп 3:3 менен аяктаган. Индиялык балбандын упайынын сапатына артыкчылык берилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД