Сот "каржы пирамидасы" үчүн кармалган жубайларды үй камагына чыгарды

"Элиза үй буюмдары" деп аталган "каржылык пирамидага" байланыштуу шектүү катары кармалган Элиза Бактыбек кызынын бөгөт чарасы сотто каралып, ал 5-августта үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Свердлов райондук сотунан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, прокуратура анын камак мөөнөтүн узартууну суранды. Бирок колунда 1,5 жашар наристеси жана алты айлык боюнда бар экенине, анын атындагы акча каражаттары боюнча электрондук эсептер камакка алынгандыгына жана күнөөсүн мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүү тууралуу өтүнүч менен прокуратурага кайрылганына байланыштуу сот үй камагын чегерди.

24 жаштагы Бактыбек кызы жана күйөөсү аларга акчага алданып калганын жана социалдык түйүндөр аркылуу элди алдап жатканын айтыкан адамдын арызынын негизинде кармалышканы июль айынын этегинде маалым болгон.

Факт Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында Жазык кодексинин "Каржы пирамидаларын уюштуруу" деген 214-беренеси менен каттоого алынган.

Үй камагына анын күйөөсү да чыгарылды.

Кылмышка шектүүлөрдүн тарапташтары алардын күнөөсү жоктугун айтып милициянын жана соттун алдында нааразылык акцияларын уюштурушкан.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, быйыл биринчи жарым жылдыкта "каржы пирамидасы" ишмердүүлүгүнө байланыштуу 906 факт катталган жана алар боюнча материалдык зыян дээрлик 35 млн сомду түзгөн. "Улан-Амал", "Балыкчы-Ынтымак", "Ырыскы", "Ак куу", "Ак-Тилек", "Жүрөккө жүрөк", "Жүрөккө жүрөк Тоң", "Кут", "Нью-Миллениум", "Манийклуб", "Эл биримдиги", "Финико", "Элиза үй буюмдары", "Антарус Трейд", "Асыл айымдар" уюмдарынын аты аталган.

Жазык кодексиндеги "Каржы пирамидаларын уюштуруу" деген берене боюнча жаза чарасы беш жылга чейинки мөөнөттү түзөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД