"Кыргыздын кызы экениме сыймыктанам" Айсулуу Токиодон кайрылуу жасады

Айсулуу Тыныбекова Япониянын Токио шаарынан социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу кыргыз элине кайрылуу жасады.

Анда айтылып жаткан каалоо-тилектер үчүн ыраазычылык билдирген.

"Ушул убакка чейин көптөгөн калоо-тилектер айтылып жатат. Ар бир айтылган каалоо тилектериңиздер орундалсын. Мен кыргыздын кызы болгонума сыймыктанам, себеби менин сиздердей мыкты жердештерим бар. Мен дагы бир жолу кайталайм, спорт мындай учурларда мени күчтүү болууга үйрөттү. Менде баары жакшы. Япон эли меймандостугун жогорку деңгээлде көрсөтүп жатат. Келечекте Кыргызстанда да Олимпиада оюндары өтсө экен деп тилек кылып жатам", - деген балбан кыз.

Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова Токиодо өтүп жаткан Олимп оюндарында күмүш медалга ээ болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД