Сарыбашов: жаңы мэр жаңы команда менен келет деп ойлобогула

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов мэриянын аппаратындагы бөлүм башчылар менен жыйын куруп, ар бир тармак боюнча тапшырмаларды берди. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Анда ал Бишкектин жашыл шаар статусун бекемдөө ниетин айтып, баарын өз тармагында жоопкерчилик менен иш алып барууга чакырган.

"Негизги иштерди жасай тургандар - сиздер. Буга чейин акимдерди кабыл алдым. Алардын укуктарын кенейтиш керек. Ар бири өз районундагы көйгөйлөрдү чечип, айрыкча тазалык, жашылдандыруу маселелерине жооп бериши зарыл. Жаңы мэр келди, жаңы команда келет деп ойлобогула. Менин командам силерсиңер. Кыргызстанда бардык маселени президентке жүктөп коюшат. Андай эмес, ар бирибиз өз функционалдык милдеттерибизди аткаралы. Мэрия мыкты иштесе элдин бийликке болгон ишеними артат. Демек, биз ишибизди мамлекет үчүн жасашыбыз керек", - деди Сарыбашов.

Ошондой эле ал шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалык иштерине өзгөчө көңүл бурула турганын баса белгилеген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД