Бүгүн, 7-августка карата Кыргызстанда коронавирус 681 адамдан табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында - 327, Ош шаарында - 8, Чүй облусунда - 104, Ош облусунда - 18, Талас облусунда - 20, Нарын облусунда - 11, Ысык-Көл облусунда - 65, Жалал-Абад облусунда - 82, Баткен облусунда - 46 кишиден табылган.
Ошол эле учурда 1 миң 513 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.
Бир күн ичинде коронавирустан 9 адам каза болгон.
Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 3 миң 33 адам, ал эми амбулатордук түрдө 6 миң 168 бейтап дарыланууда.
Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 168 миң 415 учур катталды. Анын ичинен 155 миң 447 адам оорудан айыгып чыкты, 2 миң 389 бейтап каза болду.