Олимп оюндары: Жөө күлүк Дарья Маслова 36-орунду ээледи

Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Токиодогу Олимпиада оюндарында марафондук жарышта (42 чакырым 195 метр) 36-орунду ээледи.

Жарыш бүгүн болуп өтүп, ага 88 спортчу катышты.

Дарья Маслова 42 чакырымдан ашык аралыкты 2 саат 35 мүнөт 35 секундда чуркап өттү.

Марафондук жарышта биринчи орунду кениялык жөө күлүк Перес Жепчирчир алды (2:27:20). Экинчи болуп маарага анын мекендеши Брижит Косгей келди (2:27:36). Ал эми үчүнчү орунду америкалык Молли Зайдель ээледи (2:27:46).

Эскерте кетсек, Токиодогу Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу кеткен. Алардын ичинен жарышка акыркы болуп Дарья Маслова чыкты.

Бул Олимпиадада Кыргызстан куржунуна 2 күмүш, 1 коло сала алды. Кыргызстанга күмүш байгелерди Айсулуу Тыныбекова (62 кг) менен Акжол Махмудов (77 кг), ал эми коло медалды Мээрим Жуманазарова (68 кг) алып берди.

Олимпиада оюндары 8-августта жыйынтыкталып, жабылуу аземи өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД