Курсан Асанов чыныгы генерал экенин көрсөткөн күн

Мындан туура эки жыл мурун 2019-жылы 7-августа Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операция баштаган. Мурунку президенттин Кой-Таштагы үйүнө атайын даярдыктагы бөлүктүн жоокерлери киргизилип, Атамбаевдин тарапташтары менен кагылышкан. Ок атылып, укук коргоо органдарынын бири каза болуп, бир нечеси Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары тарабынан барымтага алынган.

Атайын отряд эки күн штрум кылып, алардын аракеттеринен майнап чыкпады.

Дал ушул кыйын кырдаалда ошол учурда ички иштер министринин орун басары болуп турган Курсан Асанов эң керектүү кадамды жасаган. Ал Атамбаевдин тарапташтары менен укук коргоо органдары ортосунда болчу кийинки кагылышууларды алдын алып, мурдагы президентти укук коргоо органдарына колго түшүп берүүгө көндүргөн. Ок атылып, мыйзам иштебей турган айылда Алмазбек Атамбаевдин үйүнө өзү кирип көзмө-көз сүйлөшүп, аны алып чыккан.

Мындан сырткары Алмазбек Атамбаевге ал жаңжалда бир нерсе болсо, эл аралык деңгээлде скандал болмок, аны алдын алып, болтурбай калды.

Эки жыл мурун дал ушул күндөрү болгон Кой-Таштагы кандуу операция учурунда Курсан Асанов жөнөкөй милиция кызматкеринен генералдыкка чейин жөн жерден жетпегендигин көрсөтүп, эл-жерди тынчтыгы үчүн өз ишинин чебери экенин көрсөткөн . Бирок тагдырдын тамашасыбы айтор, дал ушул күнү аны ошол убактагы айрым бийлик төбөлдөрү муну көрө албай куугунтук башталган .


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД