Олимпиадалык спортчулар мекенге кайтып келди

Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында жеңишке жетишкен кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарова баштаган кыргызстандык оюнчуларды 7-августта "Манас" аба майданында расмий бийлик адамдары менен катар эле карапайым эл тосуп алды.

Токиодогу жайкы Олимп оюндарына катышкан кыргызстандык курама командага арналган салтанаттуу иш-чара Ала-Тоо аянтында уланат.

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн күмүш медал утту. Махмудовдун бул жетишкендиги Олимп оюндарындагы эгемен Кыргызстандын тарыхындагы экинчи күмүш байге.

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күмүш медалга жетти. Тыныбекова Олимпиаданын финалында күрөшкөн кыргызстандык 3-спортчу болуп калды.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло медал алды. Бул эгемен Кыргызстандын Олимпиада тарыхында кыз-келиндер арасындагы алгачкы медал.

Кыргызстан бир күмүш, бир коло медал утуп, жалпы көрсөткүчтө 61-орунда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД