Эч жакка чыкпоо тил каты менен мурдагы муфтий Москвага барды

УКМК тарабынан кармалып эч жакка чыкпоо тил каты менен үй камагына чыгарылган мурдагы муфтий Максат Токтомушев Москва шаарына барды.

Жазира Таалайбекова аттуу Фейсбук колдонуучу мурдагы муфтийдин УКМКга Москвага барып келүү суранычы менен жазган арызын жарыялады. Анда Максат Токтомушев 23-майдан 25-майга чейин Орусиянын Москва шаарына барып келүүсүн жазган.

Анда ал Москвага Мавлид майрамына карата бара турганы жазылган.

Белгилей кетсек, буга чейин муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганы маалымдалган. Ага улай эле муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болуп, кийинчерээк УКМК Максатбек Токтомушев кармалганын маалымдаган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын мурунку муфтийи Максатбек Токтомушевди үй камагына чыгарган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД