Олимпиада оюндарына катышкан спортчулар Кыргызстанга кайтып келишти(Видео)

Токиодогу Олимпиада оюндарына катышкан спортчулар Кыргызстанга келди.

"Манас" аэропортунан спортчуларды ата-энелери, жакындары, күйөрмандары тосуп алды.

Ошондой эле спортчуларды салтанаттуу тосуп алуу иш-чарасына КР президентинин администрация башчысы Сүйүнбек Касмамбетов КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевдер катышты.

Кыргызстандын Олимпиадалык курама командасынын мүчөлөрүнө арналган салтанаттуу кече Ала-Тоо аянтында өттү. Салтанаттуу иш-чарага өлкөбүздүн намысын XXХII жайкы Олимпиадалык оюндарында коргогон спортчулар, машыктыруучулар катышып, эл менен жүз көрүшүштү. Кече кыргыз эстрадасынын белгилүү жылдыздарынын коштоосунда өтөт.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова Токиодогу Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасында күрөш боюнча мелдештин күмүш медалын тагынды. Акжол Махмудов Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш медаль багындырса, ал эми Мээрим Жуманазарова коло байге утту.

Кыргызстандан Токио шаарында өтүп жаткан ХХХII жайкы олимпиада оюндарына 16 спортчу барган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД