Соңку суткада 602 кишиден вирус аныкталып, 10 бейтап каза болду

8-августка карата 602 адам COVID-19 илдетин жугузуп алганы аныкталды. Анын 287си Бишкек шаарынан, 6сы Ош шаарынан, 68и Чүй облусунан, 18и Ош облусунан, 19у Талас облусунан, 23ү Нарын облусунан, 70и Ысык-Көл облусунан, 78и Жалал-Абад облусунан, 33ү Баткен облусунан катталган.

Ошол эле учурда акыркы суткада 1478 бейтап сакайып, 10 адам оорудан каза тапты.

Учурда стационарларда 2 миң 947 бейтап, үй шартында 5 миң 359 бейтап дарыланып жатат.

Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча 169 миң 17 адам ооруга чалдыгып, анын ичинен 156 миң 925 бейтап ооруну жеңип чыкса, 2 миң 399 бейтап көз жумган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД