Режиссер Жалил Мидинов дүйнөдөн кайтты

Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Улуттук "Эргүү" театр сыйлыгынын эки жолку ээси Жалил Мидинов 65 жаш курагында, узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын жакындары кабарлашты.

Жалил Мидинов Нарын, Чүй облустук драма театрларында, Муса Жангазиев атындагы куурчак театрында эмгектенген. Акыркы убакта Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында көркөм жетекчи болуп иштеп жаткан.

Чыгармачылык жолунда эл аралык абройлуу театр фестивалдарынын баш байгелерин, биринчи байгесин жеңип алган учурлары көп болгон. Жалил Мидиновдун белгилүү жазуучу Султан Раев менен чогуу койгон "Маң" деген спектакли Бишкектеги Театр фестивалынын баш байгесин жеңип алган. Казакстандын Нур-Султан (Астана) шаарындагы Театр фестивалында мыкты спектакль деп табылып, башкы ролду ойногон Темирлан Сманбеков "Мыкты роль" деген сыйлык алган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД