Бүгүн Олимпиада оюндары жыйынтыкталат

Бүгүн, 8-августта XXXII жайкы Олимпиада оюндары жыйынтыкталат.

Япониянын борбору Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын жабылыш салтанаты Япон улуттук олимпиада борборунда Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө өтөт.

Азем бул жолу COVID-19 илдетине байланыштуу көрүүчүлөрү жок өтөрү кабарланды. Уюштуруучулар кымбатка турган шоу-салтанаттардан баш тартышып, анын ордуна япондордун улуттук стилин тандап алышкан.

Иш-чараны император Нарухито ачып берет. Андан соң Япониянын туусу көтөрүлүп, гимни жаңырып, Олимпидага катышкан өлкөлөрдүн спортчулары параддан өтөт. Анда ар бир өлкө жапон алфавитинин тартибине ылайык чакырылат. Алгач Греция мамлекети баштап, соңун Япония өлкөсү жыйынтыктайт.

Кыргызстандын туусун эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев көтөрүп чыгат.

Белгилеп кете турган жагдай, бул жолу Качкындар курама командасы да өзүнчө туу көтөрүп, параддан өтүшөт.

Жабылыш салтанат Олимпиада туусун кийинки оюндар өтө турган мамлекет Франциядан келген өкүлдөргө тапшырып берүү менен аяктайт.

23-июлда башталган "Токио-2020" XXXII жайкы Олимпиада оюндарына 206 өлкөнүн 11 миңден ашуун спортчусу катышты. Спорттун 41 түрү боюнча 339 комплект медаль ойнотулду.

Кийинки жайкы Олимпиада оюндары 2024-жылы Франциянын борбору Париж шаарында болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД