Казакстан Токиодогу жайкы Олимпиада оюндарында эң начар жыйынтык көрсөттү

Казакстандын спортчулары Токиодогу Олимпиада-2020 оюндарында жайкы Олимпиада мелдешинде өлкө тарыхында эң начар жыйынтык көрсөттү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Токиодогу Олимпиада оюндарында Казакстандын атлеттери сегиз медаль алган. Анын баары коло экени айтылды. Эң аз байгени алар Сиднейде 2000-жылы өткөн Олимпиадада алышкан. Анын үчөө алтын, төртөө күмүш болгон.

Төмөндө казакстандык спортчулардын жайкы Олимпиада оюндарында алган медалдарынын саны салыштыруу иретинде көрсөтүлгөн:

• Атлант-1996: үч алтын, төрт күмүш, төрт коло. Жалпысынан 11 медаль;

• Сидней-2000: үч алтын, төрт күмүш. Жалпысынан 7 медаль;

• Афина-2004: бир алтын, төрт күмүш, үч коло. Жалпысынан 8 медаль;

• Пекин-2008: эки алтын, үч күмүш, төрт коло медаль. Жалпысынан 9 медаль;

• Лондон-2012: үч алтын, бир күмүш, жети коло медаль. Жалпысынан 11 медаль;

• Рио-2016: үч алтын, беш күмүш, 10 коло медаль. Жалпысынан 18 медаль. Бул Казакстандын тарыхында эң ийгиликтүү жайкы Олимпиада болгон;

• Токио-2020: алтын, күмүш медаль жок, сегиз коло медаль. Жалпысынан 8 медаль.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД