Кыргызстанда AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө уланат

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө 9-августтан тарта уланарын жарыялады. Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, Ала-Бука районунда AstraZeneca менен эмдөөдөн соң абалы начарлаган 44 жоокердин саламаттыгы жакшы.

"Жоокерлер медициналык бөлүктө андан ары да кароодо болушат. Эмдөөдөн кийинки клиникалык симптомдору: дене табынын көтөрүлүшү, баш оору - киши организминин вакцинага реакциясы катары бааланды. Буга жоокерлердин корккону да себеп болгон", - деп билдирди мекеме.

6-августта AstraZeneca вакцинасы менен Ала-Букадагы аскердик бөлүктүн 90 жоокери эмделген. Төрт жоокердин дене табы 39 градустан жогору көтөрүлүп, башы ооруган. Кырк жоокердин дене табы бир аз көтөрүлгөн.

Окуяны иликтөө үчүн министрлик AstraZeneca вакцинасын колдонууну убактылуу токтоткон.

Жалпысынан Жалал-Абад облусуна Astra Zeneca вакцинасынан 4000 доза жөнөтүлгөн, анын 211и сайылган.

Учурда республиканын бардык аймактарында "Спутник V", Sinopharm жана AstraZeneca вакциналарын алууга шарт бар. Эмделгендердин жалпы саны 600 миңден ашты. Вакцинанын эки дозасын алгандарга атайын сертификат тапшырылат.

Буга чейин вакцинадан кийин абалы начарлаган учурлар расмий катталган эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД