Кыргызстанда быйыл 61 546 өспүрүм мектепти аяктоодо

Быйыл Кыргызстанда 11-классты 61 546 өспүрүм аяктап жатат. Ал эми 9-классты 103 414 окуучу бүтүрдү. Бул тууралуу Билим берүү берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Самат Тоялиев "Азаттыкка" билдирди.

Министрлик коронавирус пандемиясынан улам өлкө аймагында "Акыркы коңгуроо" салтанатын онлайн өткөрүү тууралуу буйрук чыгарган. Бишкектеги айрым муниципалдык жана жеке менчик мектептерде азем гигиеналык эрежелерди сактоо талабы менен уюштурулду.

Окуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында коомдук тартипти 3 391 милиция көзөмөлдөп жатат.

Буга чейин ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр арасында түшүндүрүү иштери жүрүп, "таң тосуу", жаратылышка эс алууга чыгуу, ресторан, кафелерде кече уюштурууга болбой турганы эскертилген.

Кыргызстанда жалпы 2 296 мектеп бар. Коронавирус пандемиясынан улам "Акыркы коңгуроо" салтанаты былтыр да уюштурулган эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД