Эл артисти Искра Райымкулова каза болду

Кыргыз театр жана кино искусствосу орду толгус оор жоготууга учурады.

2021-жылдын 8-августунда 84 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз театр жана кино искусствосунун көрүнүктүү таланты, Кыргыз Улуттук Т. Абдумомунов атындагы академиялык драма театрынын актрисасы Искра Райымкулова дүйнөдөн кайтты.

Искра Райымкулова 1937-жылы Чүй облусунун (мурдагы Фрунзе облусу) Кемин районунун Шабдан айылында туулган.

Алгачкы чыгармачылык башатын 1957-жылы Кыргыз улуттук Т. Абдумомунов атындагы академиялык драма театрында актриса болуп баштаган.

Адегенде театрга травести (балдардын ролун ойногон артист) катары кызматка алынган Искра чыгармачылык таржымалынын ичинде, Кыргыз мамлекеттик драма театрынын сахнасында отуздан ашуун баланын образын жараткан. Ошонун ичинен өзгөчө анын Б. Жакиевдин "Атанын тагдыры" спектаклиндеги Жеңишбеги легендарлуу образга айланган.

Кыргыз театрынын травестилеринин ичинен И. Райымкулова балдардын тарыхта кала тургандай образдарын чоң чыгармачылык эргүү менен жараткан. Актрисанын чыгармачылык өмүрү жалаң гана балдардын ролун аткаруу менен чектелген эмес. Анын репертуарында ондогон образдардын ийгиликтүү жаратылгандыгын айтууга болот.

У. Шекспирдин "Ромео жана Жульеттасында" Жульеттанын образын өзгөчө ички дүйнөсүнүн назиктиги, баёлугу айрыкча сүрөттөлгөн, Жульеттадан кем калбаган образдардын бири "Бернарда Альбанын үйүндөгү" Амелиянын образы.

Ушул сыяктуу чоң чыгармачылык эргүүдөн жаралган образдарды Искра Райымкулованын чыгармачылык таржымалынан арбын учуратууга болот.

Алсак: У. Шекспирдин "Король Лиринде" Корделиянын, М, Каорунун "Уурдалган өмүрүндө" Кэйдин, В. Делмардын "Эртеңкиге ордуңду бошот" чыгармасында Люсейдин, Ч. Айтматовдун "Саманчынын жолунда" Алимандын ж. б. образдарды жогорку чеберчиликте аткарып, көрүүчүлөрдүн арзуусуна татыган.

Ал эми кыргыз кино искусствосунда "Алымкан" көркөм тасмасында "Алымкандын, "Каныбек" жана "Он үчүнчү небере" кино тасмаларында башкы каармандардын образын ийгиликтүү жараткандыгын атоого болот.

И. Райымкулованын Кыргыз улуттук театр жана кино көркөм өнөрүнө кошкон зор салымын эске алып, мамлекетибиз тарабынан эмгеги жогору бааланып, көптөгөн сыйлыктар ыйгарылган.

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, мамлекеттик наамдар ж. б. сыйлыктар берилген.

Кыргыз элибизге бүтүндөй өмүрүн арнап, маданият жана искусство тармагында өчпөс из калтырып кеткен көрүнүктүү актриса Искра Райымкулованын жаркын элеси кыргыз журтунун, маданият жана искусство сүйүүчүлөрдүн, замандаштарынын, кесиптештеринин жана жакындарынын эсинде түбөлүккө сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С. Н. Жапаров, Т. Т. Мамытов, У. А. Марипов, Ч. А. Абыкеев,

С. С. Касмамбетов, Ж. К. Бакашова, А. А. Касымалиев,

К. О. Иманалиев, Г. Байтерек, Б. Ш. Секимов, С. А. Аманова,

И. А. Балташев, К. К. Шабданбаев, М. А. Бектеналиев,

М. Т. Байжиев, С. А. Раев, Т. Т. Казаков, К. К. Култегин,

М. Мамазаирова, А. Осмонов, А. М. Далбаева, А. Абдыкалыков,

М. Алышпаев, Н. Мамбетова, Г. Каниметова, Э. Бекболиев

З. Сооронбаев, Т. Бообекова Ж. Сыдыкбаева, К. Сейдалиева,

Ш. Алсейитова, Т. Актанов, А. Назаркулова, Ж. Жумалиева,

Ч. Думанаев, Т. Абдразаева, А. А. Өзүбеков, Н. Меңдебаиров ж. б.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД