Мугалимден боюна бүткөн студент кыз ымыркайын таштандыга ыргытып жиберген

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында жаңы туулган баласын таштандыга ыргытып жиберген студент кызды кармалды. Бул тууралуу Түркмөн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Ашхабаддагы "Гаудан А" районунун тургундары таштанды челегинен жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгүн табышкан. Окуя 22-июлда болгон. Бул райондо аталган институттун жатаканасы жайгашкан. Милиция иликтөө учурунда шектүүнүн студент экенин, Түркмөн мамлекеттик экономика жана башкаруу институтунда окуурун аныктаган.

Студент кыз өзүнүн окутуучусунан боюна бүтүп калганын жана бул ишти жашыруу үчүн чара көрүүгө аргасыз болгонун мойнуна алган.

Түркмөнстанда аборт жасатууга тыюу салынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД