Соңку суткада 483 кишиден вирус аныкталып, 8 киши каза болду

Кыргызстанда 9-августка карата коронавирус дагы 483 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында - 281, Ош шаарында - 4, Чүй облусунда - 31, Ош облусунда - 4, Талас облусунда - 7, Нарын облусунда - 19, Ысык-Көл облусунда - 71, Жалал-Абад облусунда - 57, Баткен облусунда - 9 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 1 миң 360 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында - 987, Ош шаарында - 3, Чүй облусунда - 93, Ош облусунда - 47, Талас облусунда - 25, Нарын облусунда - 16, Ысык-Көл облусунда - 13, Жалал-Абад облусунда - 72, Баткен облусунда - 104 бейтап айыгып чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 4, Чүй облусунда 3, Жалал-Абад облусунда бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 850 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 564 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 609 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 129 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 169 миң 500 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 158 миң 285 киши айыгып чыкса, 2 миң 407 адам каза болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД