UFC 265: Рафаэль Физиевдин беттеши эң мыкты деп табылды

Кыргызстандык Рафаэль Физиевдин катышуусу менен болгон мушташ UFC турниринин мыктысы деп табылды.

Кийинки номерлүү UFC 265 турнири 7 -августта Хьюстондо (Техас, АКШ) өттү. Кыргызстандык Физиев жеңил дивизиянын беттешинде америкалык Бобби Грин менен беттешип, калыстардын чечими менен жеңди.

Турнирдин аягында бул күрөш турнирдеги эң мыкты деп табылды. Эки мушкер тең 50 миң доллар бонус алышкан.

UFCде бул Кыргызстандыктын катары менен төртүнчү жеңиши.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД