2021-жылдын 30-июлунан 5-августка чейин Бишкек шаарынын аймагында 4 миң 227 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Алардын ичинен:
- мас абалында авто унаа башкаруу - 67;
- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 14;
- айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу - 89;
- автоээнбаштык - 1;
- жасалма номур менен авто унаа башкаруу - 2;
- башка жол эрежелерин бузуулар - 4 миң 54. Ал эми ар кандай эреже бузган 299 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.