Дайынсыз болуп жаткан Асылбек уулу Бөрүбай изделүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2019-жылдын октябрь айларында Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын Жаңы-Коргон айылынын тургуну, 1997-жылы туулган Асылбек уулу Бөрүбай Бишкек шаарына акча табуу максатында жумуш издеп кетип, 2021-жылдын январь айынан баштап байланышка чыкпай, жүргөн жери белгисиз.
Бул факты боюнча Кадамжай РИИБнин милиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүүдө.
Белгилери: бою 165-170см., кашы көзү кара түстө, дене түзүлүшү арыкчырай, акыл-эси соо.
Эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү жигитти таанып, жүргөн жерин аныктап калса төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот.
Байланыш үчүн номерлер (03655) 5-02-29; 0704 27-64-16