Барселонанын президенти Жоан Лапорта чабуулчу Лионель Месси Пари Сен-Жермен оюнчусу болорун ырастады.
"Месси ПСЖга өтөт. Мен анын Барселонада калышын каалайт элем, бирок андай болбойт. Мен анын калуусу үчүн колумдан келгендин баарын кылдым ", - деди Tuttomercatoweb Лапортанын сөзүн.
Эске салсак, 5 -августта Барселона Месси менен түзүлгөн келишимди узартпай турганын жарыялаган. Бул испан лигасынын регламентинде жазылган финансылык жана структуралык тоскоолдуктарга байланыштуу.