Искра Райымкулова акыркы сапарга узатылды

Бүгүн, 9-августта Кыргыз Республикасынын эл артисти, атактуу театр жана кино актрисасы Искра Райымкулованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өмүрүнүн соңуна чейин өзү эмгектенген Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдында өттү.

Маркум менен коштошуу зыйнатына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, жакындары, кесиптештери жана башкалар келишип, маркум талантты эскеришти.

Искра Райымкулованын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди.

Атактуу актриса кечээ, 8-августта дүйнөдөн өткөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД