Кыргызстан Олимпиада оюндарында 206 өлкөнүн ичинен 70-орунду алды

Кыргызстандын курама командасы Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында медалдык зачет боюнча 70-орунду алды.

Япониядагы мелдештер 21-июлдан 8-августтка чейин өттү. Баардыгы болуп 339 комплект медаль ойнотулду.

Кыргызстандыктар 3-медаль - 2 күмүш, 1 коло утушту. Анын натыйжасында Кыргызстан 206 өлкөнүн ичинен 70-орунду ээлдеди.

Биринчи орунга 113 медаль - 39 алтын, 41 күмүш жана 33 коло медаль менен АКШ чыкты.Экинчи орунду 38 алтын, 32 күмүш, 18 коло-жалпысынан 88 медаль алып Кытай ээледи. Япония 58 медаль алган болсо, анын 27си алтын, 14ү күмүш, 17си коло болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД