Кыргызстан Палестина менен жолдоштук беттеш өткөрөт

Кыргызстандын курамасы 2023-жылы өтө турган Азия Кубогунун тандоо оюндарына даярдык көрүү максатында бир нече жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол бирикмесинен билдиришти.

Алгачкы жолдоштук беттеш Палестина курамасы менен болуп, ал 2-сентябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтмөкчү.

Оюнга күйөрмандар киргизилер-киргизилбеси, билеттердин сатылышы тууралуу маалымат жакында айтылат.

Белгилей кетсек, Азия Кубогу 2023-жылы Кытайда 16-июндан 16-июлга чейин болуп өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД