Бишкекте адашып кеткен жаш баланы милиция кызматкерлери таап беришти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-августта саат 11:10дор чамасында милицияга Жаш Гвардия бульвары көчөсүнөн жаш бала жоголду деген маалымат түшкөн. Айтылган дарекке барган кайгуул кызматкерлерине Ж.Н. аттуу айым кайрылып, 3 жаштагы баласы үйүнөн ойнойм деп чыгып кеткен бойдон дайынсыз экенин билдирген.
Издөө иш-чараларын жүргүзүлүп, аз убакыттын ичинде Фрунзе жана Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Народный" соода борборунун ичинен жаш баланы таап, апасына сак-саламат жеткирип беришкен.