Түркмөнстандын президенти С.Жапаровго белекке берген аргымак Бишкеке келди

Кыргызстанга Түркмөнстандын президенти мамлекет башчысы Садыр Жапаровго берген белегин алып келишти.

Белекти Бишкекке унаа менен жеткиришкен.

Маектештин айтымында, Гурбангулы Бердымухамедов Садыр Жапаровго англиялык породадагы асыл тукум аргымакты белекке берген.

Эскерте кетсек, акыркы айда Садыр Жапаров Түркмөнстанга эки ирет барган, 28-июлда ал Ашхабад шаарына расмий сапар менен барса, 5-6-августта Түркмөнстанга Борбор Азиянын президенттеринин жолугушуусуна катышуу үчүн барган.

Редакциянын алган маалыматына караганда, түркмөн президенти Садыр Жапаровго аргымакты Ашхабад шаарына жасаган иш сапардын маалында берген.

Эки өлкөнүн президенттеринин басма сөз кызматтары бул тууралуу эмнегедир расмий билдиришкен эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД