Жалал-Абадда бир аптада 76 мас айдоочу кармалды

Жалал-Абад облусунда бир аптада 76 мас айдоочу аныкталды. Бул тууралуу облустук ЖККК бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, Жалал-Абад облусунун аймагында 31-июлдан 7-августа чейинки бир жума аралыгында жалпы 1439 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталды. Анын ичинен 76 айдоочу автоунааларын мас абалында, 537 айдоочу каттуу ылдамдыкта, 15 айдоочу алдыңкы терезелерин караңгылатып алгандыгы үчүн болсо жана башка жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 811 айдоочуга протоколдор түзүлгөн. Жалпы 238 автоунаа атайын айып короого коюлду. Булардын көпчүлүк бөлүгүн унааларын туура эмес жайга коюп эвакутор аркылуу адистештирилген атайын айып короого коюлганы түзөт.

Жалал-Абад областтык ЖККК бөлүмү жалпы жол кыймылынын катышуучуларына жолдо жүрүүдө, жол эрежелерин так сактап жүрүүнү эскертишет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД