Кыргызстандыктар август айынын соңунда 4 күн катары менен эс алышат.
Эс алуу күндөрү 28, 29, 30 жана 31-август болмокчу.
31-август-Эгемендик күнү, майрамдык эс алуу болот. 28-август ишемби күнгө туш келет, 29-август жекшемби күн болот. Ал эми 30-август-дүйшөмбү күн буга чейин 10-майда иш күнү катары белгиленген эле.
Быйыл 9-май жекшемби күнгө туура келгендиктен аны 10-майга жылдырышмак, бирок ал иш күн катары белгиленип, ал күнкү эс алуу 30-августка-дүйшөмбү күнгө жылдырылган болчу.