Сауд Арабия кичи ажылыкка арыздарды кабыл алууну баштады

Сауд Арабия бийлиги пандемия башталгандан бери алгачкы ирет чет жактагылардан кичи ажылыкка арыздарды кабыл алып баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлады.

Эми чет элдик зыяратчылар Мекке шаарындагы Аль-Харам мечитине жана Мадина шаарындагы Мухаммед пайгамбардын мечитине зыярат кыла алышат. Бирок зыяратчылардын Аравияда бекитилген Moderna, Johnson & Johnson, AstraZeneca жана Pfizer/BioNTech вакциналары менен эмдөө алган болушу талап кылынат.

Арабия бийлиги ошондой эле чет жактан келген жана жергиликтүү зыяратчылардын саны 1 айда эле 2 миллионго жетиши мүмкүн экендигин божомолдошууда.

Белгилей кетсек, буга чейин Сауд Арабиясынан ажылыкка жана умрага барууга тыю салуу боюнча расмий билдирүү келгенин Кыргыз өлкөсүнүн дин башкармалыгы билдирген.

"Быйыл пандемияга байланыштуу чет элдиктерге анын ичинде Кыргыз өлкөсүнө дагы ажылыкка жана умрага барууга тыюу салынды. Анда алар сырттан келгендерге уруксат берилбегенин билдиришкен. Алар болгону гана Сауд Арабиясынын жарандарын анда дагы 60 миң гана кишиге уруксат берилгенин билдиришти", - деп айтылган билдирүүдө.

https://www.super.kg/kabar/news/372305/


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД