"Айчүрөк" соода борборун милиция курчоого алды

Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунун имараты 9-августтун кечки саат беш чамасында милициянын курчоосуна алынды. Борбордун ичиндеги адамдар эвакуацияланып, жанына эч кимди жолотпой жатышат.

Мындай чектөөнүн себеби азырынча расмий айтыла элек.

Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары ичинде адамды барымтага алуу сыяктуу окуя болгонун жазып жатышат.

"Айчүрөк" борбор калаадагы ири дүкөндөрдүн бири. Ал "телефондук террористтердин" бутасына айланган учурлар буга чейин бир нече жолу катталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД