Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтордун жолугушуусу болду

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, 2021-жылдын 4-9-августунда Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тийиштүү Протоколго кол коюлду.

Тараптар кезектеги жолугушууну Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашты.

Жолугушуу достук жана өз-ара түшүнүшүү манайында өттү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД