ЦУМда аял киши балдарды туткунга алды деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.
Райондук милициядан белгилешкендей, саат 16:15терде милицияга ЦУМда хижаб кийген колунда баштык кармаган шектүү аял жүрөт деген маалымат түшкөн.
"Маалымат түшкөндөн кийин ал жакка ыкчам-тергөө тобу чыгып кетти. Кийинчерээк толугураак маалымат берилет", - деп билдиришти милициядан.
Учурда милиция кызматкерлери ЦУМдун ичиндеги жарандарды сыртка чыгарып, имаратты курчоого алган.