Бишкек – Торугарт жолунда бүгүн жол кырсыгы катталып, анда Lexus жана Mercedes үлгүсүндөгү эки автоунаа кагышкан.
Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, окуя жеринде инспекторлор иштеп жатышат.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, алдын ала маалымат боюнча, эки унаа жол чырагынан кагышкан.
Жол кырсыгынан жабыркагандардын саны төрткө жетти.
Учурда кырсыктын келип чыгуусу такталууда.