Сот аткаруучу Тынчтыкбек Молдалиев дүйнө чемпиону болду

Сот аткаруучу Тынчтыкбек Молдалиев дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 3-8- августунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында биринчи жолу мушташ өнөрү боюнча дүйнө чемпионаты болуп өттү.

Ага Россия, Казакстан, Өзбекстан, Монголия сыяктуу 17 өлкөдөн келген 1000ге жакын мушкерлер спорттун төрт түрү боюнча күч сынашты.

Бишкек шаарынын Ленин райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучусу Тынчтыкбек Молдалиев 77 жана 81 кг салмакта биринчи орунду багындырып, дүйнө чемпиону болду.

Бүгүн, 2021-жылдын 9-августунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакирова Тынчтыкбек Молдалиевди кабыл алып, жеңиши менен куттуктады.

Төрайым дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген миңге жакын спортчулардын ичинен суурулуп чыгып, биринчиликти алуу чоң жетишкендик экенин белгиледи. Сот системасында дагы спортту сүйүп, кыргыз желегин желбиреткен мыкты эр-азаматтар бар экенин айтты.

Кошумчалай кетсек, Тынчтыкбек Молдалиев буга чейин 2017-жылы джиу-джитсу боюнча Азия чемпионатында биринчи орунга ээ болгон.

Белгилей кетүүчү жагдай, жогоруда аталган турнир Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында уюштурулган.

Иш-чарага Free Fightinp, Grappling-Free Fightingr, Muay Тhаi жана World Usmanot"s Combat Systems Association спорттук уюмдары катышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД