Жалал-Абадда 15 жашар өспүрүм сууга чөгүп кетти

Жалал-Абадда 15 жашар өспүрүм сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сузак районуна караштуу Барпы айыл өкмөтүнүн Комсомол айылын аралап өткөн Кемпир-Абад каналында, Жалал-Абад шаарынын Эркиндик көчөсүнүн үйүнүн тургуну 2006-жылы төрөлгөн Д.М аттуу бала чөгүп кеткен. Өспүрүмдүн жансыз денеси көпүрөнүн астынан табылды. Издөө иштерине жалпы 32 куткаруучу тартылып, өспүрүмдүн денеси туугандарына өткөрүлүп берилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД