Бусурманкул Абдибаит уулу: Хабиб Нурмагомедов UFC'ге киргизем деди

Хабиб Нурмагомедов кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдибаит уулун дүйнөдөгү эң абройлуу эсептелинген UFC уюмуна киргизүүгө убада берди. Ал үчүн Абдибаит уулу дагы бир-эки беттешти мыкты деңгээлде өткөрүшү керек. Бул тууралуу кыргызстандык мушкер SUPER.KG порталына берген маегинде айткан.

"Хабиб Нурмагомедов Краснодарда беттешкенимде мага күйөрмандык кылыптыр. Анан Чолпон-Атада өткөн "EFC 38" турниринде дагы чын жүрөгүнөн мени колдогону мага дем-күч берип жатты. Себеби Хабиб дегеле спорт чөйрөсүндө атагы чыккан дүйнөдөгү эң белгилүү мушкерлердин бири. Беттештен кийин дагы келип өзүнүн тажрыйбасын, ой-пикирин, сунуштарын айтты. Эгерде бир-эки жолу жакшы беттеш өткөрсөң, мен өзүм UFC'ге киргизем деди", - деген Абдибаит уулу. Бусурманкул белгилей кетсек, Бусурманкул Абдибаит уулу 3-августта Чолпон-Ата шаарында өткөн "EFC 38" турниринде орусиялык Руслан Яманбаевди техникалык нокаут менен жеңип, чемпион аталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД