Ырчы Толгонай Арзыкееванын жигити колун сурады

Ырчы Толгонай Арзыкееванын жигити колун сурады. Бул тууралуу ырчы Мирбек Атабеков Инстаграмдагы баракчасына жазып тасмасын жарыялады.

"Достор, Кудай буйруса Толгонай жакында бизге келин бала болот! Бүгүн менин жакшы көргөн кайним Нурсултан колун сурады! Мен абдан кубанычтамын! Каалоо-тилектерди тоюңарда айтам!",- деп жазганырчы.

Нурсултан Төлөпберген белгилүү ырчы Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим Төлөпбергендин иниси.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД