Соңку суткада 471 кишиден вирус аныкталып, 6 киши каза болду

Кыргызстанда 10-августка карата коронавирус дагы 471 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында - 2121, Ош шаарында - 7, Чүй облусунда - 110, Ош облусунда - 5, Талас облусунда - 14, Нарын облусунда - 4, Ысык-Көл облусунда - 38, Жалал-Абад облусунда - 60, Баткен облусунда - 21 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 995 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында - 342, Ош шаарында - 10, Чүй облусунда - 254, Ош облусунда - 33, Талас облусунда - 28, Нарын облусунда - 34, Ысык-Көл облусунда - 55, Жалал-Абад облусунда - 125, Баткен облусунда - 114 бейтап айыгып чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 4, Ысык-Көл облусунда 2 бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 609 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 481 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 17 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 626 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 150 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 169 миң 971 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 159 миң 280 киши айыгып чыкса, 2 миң 413 адам каза болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД