Бир күндө Кыргызстанда 3 адам каналдагы сууга чөгүп каза болду

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам маалыматында бир сутканын ичинде өлкөдө үч адам сууга чөгүп каза болгону кабарланды.

10-августка караган түнү Ош шаарынын Раззаков көчөсүндөгү каналга 18 жаштагы кыз түшүп кеткен. Саат 00:56да тартылган беш куткаруучу маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп берген.

Ош облусунун Араван районунун Ленин айылындагы Фергана каналына 30 жаштагы жигит түшүп кеткендиги тууралуу маалымат ӨКМге кечээ саат 17:56да түшкөн. Жерине 19 куткаруучу, эки милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 10 адам барган. Ал Өзбекстандын аймагына агып кетти болуш керек делип, Анжиян облусунун Мархамат районунан төрт куткаруучу тартылган. Натыйжада жарандын сөөгү коңшу өлкөдөн табылды.

Ал эми Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Комсомол айылында каналга 15 жаштагы бала чөгүп кеткендиги тууралуу кечээ эртең менен саат 7:00дө маалымат түшкөн. Ал жерге 31 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылып, саат 16:50дө маркумдун сөөгү куткаруучулар тарабынан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД