Бишкек мэриясы кызы менен такси кылган айдоочуга жардам берет

Бишкек мэриясы кызы менен такси кылган айдоочуга жардам берет. Бул тууралуу мэриянын басма сз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, массалык маалымат каражаттарында үч жашар кызы менен такси кызматында иштөөгө мажбур болгон, кызын калтырганга эч кимиси жок жаран жөнүндө маалымат чыккан.

Борбор калаанын мэриясы бул жаран муниципалитетке жардам сурап кайрылганын жана ал бала бакчага электрондук кезекке туруу үчүн Свердлов районунун Билим берүү борборуна жөнөтүлгөндүгүн билдирет.

Бирок мектепке чейинки билим берүү мекемесине кабыл алуу үчүн зарыл болгон документтерди тапшырарда, кызынын №83- медициналык формасы жок болуп чыккан. Кийинчерээк жаран Ош шаарынын тургуну экени дагы аныкталган. Бул учурда, азыркы жашаган жеринен маалымкат дагы талап кылынат, бирок ал документ арыз ээсинин колунда болгон эмес.

Эгерде массалык маалымат каражаттарына кайрылган жаран бардык керектүү документтерди тапшырса, биз сөзсүз түрдө кызын бала бакчага жайгаштырабыз. Аны райондук билим берүү борборунда күтөбүз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД